SerepTV Logo

Таласта ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгын чыгарып жүргөндөр кармалды

Таласта ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгын чыгарып жүргөндөр кармалды
Таласта ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгын чыгарып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облусттук милиция кызматкерлерине 2020-жылдан бери Талас шаарынын тургуну Казакстанга өтүү үчүн адамдарга мыйзамсыз ар кандай документтерди жасап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Анын негизинде 4-мартта Талас шаарынан 47 жаштагы  аял кармалган. Ал ПЧР-тесттин маалымдамасын жана төлөндү деген дүмүрчөк үчүн 5 миң сом акысын алган жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошондой эле кармалган шектүү аялга маалымдама жана дүмүрчөк жасап берип турган Талас районунун Көк-Кашат айылынын 29 жаштагы тургуну дагы кармалган. Милициянын айтымында  бири кардарларды таап, бири анализ менен дүмүрчөктү жасап турушкан. Учурда аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Unknown Author