SerepTV Logo

Таласта милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Таласта милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты кармалды. Ал системалуу түрдө Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражатын алып турган. Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.