Таласта катуу шамалдан чатыр учуп, унааны басып калды (сүрөт)
Кечээ, 10-январда кечки саат 19:01де Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырын шамал учурду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Табигый кубулуштун кесепетинен чатырдын калдыгы короодогу унааны басып калган. Окуя болгон жерге 3 куткаруучу ыкчам түрдө жардам көрсөтүп, шамал учуруп кеткен чатырдын калдыктарын тазалашты. Ал эми кооптуулук жараткан чатырларды оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлдү. Талас шаарындагы Метеостанциясынын аныктамасы боюнча шамалдын күчү секундасына 18 метрге жеткен.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="222951,222952,222953"]