Таласта катуу шамал болуп, мектептин чатырын учуруп кетти (сүрөт)
Бүгүн, 22-январда Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл аймагынын Жоон-Дөбө айылында ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Осмонов атындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. "Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жеринде болуп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө жана кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдар такталууда. Жабыркагандар жок",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="270500,270501,270502,270503"]