SerepTV Logo

Таласта кафеде газ баллондун жарылуусунан 10 адам ооруканага жаткырылды. Анын ичинен бирөө денесинен 80 пайыз күйүк алган

Таласта кафеде газ баллондун жарылуусунан 10 адам ооруканага жаткырылды. Анын ичинен бирөө денесинен 80 пайыз күйүк алган
Кечээ, 4-январда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жайгашкан тез тамактануучу жайлардын биринде чыккан өрт толугу менен эки сааттан кийин өчүрүлдү. Кырсыктан улам  11 адам бейтапканага жеткирилип, анын ичинен 4 кишинин абалы оор деп айтылган эле. Өтө оор болгон 2 жаранды Талас шаарындагы облустук ооруканага алып барышканы маалым болду. Кара-Буура районунун бейтапканасынын башчысынын айтымында, 11 адамдын 10у жаткырылган, бирөө кырсыктан жабыркаган эмес, ал катуу чочуп калган. “10 адамдын бешөө эркек, бешөө аял. 4 адамдын абалы оор, анын ичинен бирөө денесинен 80 пайыз күйүк алган. Жабыркагандардын арасында эң кичүүсү болгону 2 жашта. Баары врачтардын көзөмөлүндө”, - деген врач. Кырсыктын келип чыгуусу боюнча расмий маалымат жок. Бирок өрт катталган жерден тартылган видеолордо газ баллонду жана күбөлөрдүн анын  жарылып кеткенин айтып бергенин угууга болот.
admin@supertv.kg