Таласта бала бакчанын көмүрү күйүп кетти
Талас шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан "Солнышко" бала бакчасынын көмүрканасында өрт чыгып, анда 2 тонна көмүр күйдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Жалын саат 04:04тө чектөөгө алынып, саат 06:19да толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.