SerepTV Logo

Таласта Бакай-Ата райондук сотунун судьясы кармалды

Таласта Бакай-Ата райондук сотунун судьясы кармалды
Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы аныкталган. Аталган судья жабырлануучудан мурда 5 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алып, кийин 2022-жылдын март айында сот отурумунун катчысы аркылуу белгиленген сумманын бир бөлүгү 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн алганы аныкталган. Аталган райондук соттун судьясынын кылмыштуу аракетине бөгөт коюу жана документтештирүү максатында, бул факты Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (опузалап пара алуу) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 16-апрелде Бакай-Ата райондук сотунун судьясы акчанын калган суммасын алуу учурунда кармалды. Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.