SerepTV Logo

Таласта айдоочу токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Бирөө жеринде, бирөө ооруканага жетпей көз жумду

Таласта айдоочу токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Бирөө жеринде, бирөө ооруканага жетпей көз жумду
Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Ауди 100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 адам мүрт кетип, 1 адам ооруканага жетпей каза болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталып жатат. Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон адамдардын жансыз денелерин Тез жардам кызматы алып кетишкен.