Таласта 8-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калган
Талас облусунун Кара-Буура районунда 8-класстын окуучу кызы кош бойлуу болуп калган. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден тастыкташты.
"Тиешелүү текшерүүлөр жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 2007-жылы туулган кыз 2004-жылы туулган жигит менен жыныстык катнашка барган.