SerepTV Logo

Таласта 30 жаштагы жаран киши колдуу болду. Аны өлтүрүүгө шектелип бир тууган иниси кармалды

Таласта 30 жаштагы жаран киши колдуу болду. Аны өлтүрүүгө шектелип бир тууган иниси кармалды
22-июнда Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын тургуну 1999-жылы туулган М.Ж. арызы менен кайрылган, анда 21-июнь күнү саат 19:00 чамасында бир тууган байкеси 1994-жылы туулган М.К. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, таап берүүңүүнү суранып кайрылган. Аталган арыз Бакай-Ата РИИБ тарабынан каттоого алынып, издөө иштери жүргүзүлүп башталган. 24-июнда саат 18:30 чамасында дайынсыз болуп жаткан 1994-жылы туулган М.К. өзү жашаган үйдүн артындагы сарайынын жер төлөсүнөн киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Аталган факты боюнча Бакай-Ата РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КЖКнын 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Адам өлтүрүү) кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катарында маркумдун бир тууган иниси 1999-жылы туулган М.Ж. кармалып, Талас ОИИБдин УКЖга камакка алынды. Учурда тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.