SerepTV Logo

Таласта 17 жыл мурун жаран токойдо өлтүрүлгөн. Шектүү эми кармалды

Таласта 17 жыл мурун жаран токойдо өлтүрүлгөн. Шектүү эми кармалды
Талас облустук милициясы киши өлтүрүүгө шектелип, бирок 17 жыл изин жашырып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. 2008-жылдын 28-майында саат 18:30 чамасында 1968-жылы туулган Талас шаарынын тургунун 3 эркек киши мас абалында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен астынан токтотуп алышып, уруп-сабашып, унаага салып, токойго алып барышып, дагы сабашып, ошол жерге таштап кетип калышкан. Кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам көз жумган. Бул факты ошол учурда милиция тарабынан каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 97-статьясы (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция тарабынан 2 жаран кармалып, өз жазаларын алышкан. Кылмыш ишине шектүүлөрдүн бири, Талас шаарынын 1984-жылы туулган тургуну тергөөгө келбей изин жашырып качып кеткендиктен 2008-жылдын август айында издөө жарыяланган. Дээрлик 17 жыл убакыт шектүү Кыргызстандын аймагына келбей, чет өлкөдө качып жүргөн. Милиция аталган жаранды таап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн иликтөө-издөө иштерин токтоткон эмес. Тынымсыз көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, 2025-жылдын 20-май күнү Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү Бишкек шаарынан кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
edita