SerepTV Logo

Таласта 16 жаштагы кыз курбусу менен зордукталган. Шектүүлөрдүн бири кармалды

Таласта 16 жаштагы кыз курбусу менен зордукталган. Шектүүлөрдүн бири кармалды
Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас шаарынын 53 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 2-июль күнү 2008-жылы туулган кызын жана кызынын курбусун 2 бала зордуктап коюшканын билдирген. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти Ошондой эле Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас шаарынын 26 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2007-жылы туулган карындашын курбу кызы менен 2 бала зордуктап коюшканын билдирген. Бул окуя Талас РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектелип 2006-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми окуянын дагы бир катышуучусу 1994-жылы туулган жаран из жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу, тергөөгө камсыз кылуу иштери жүрүп жатат.