SerepTV Logo

Таласта 11 миллион сомдук мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Таласта 11 миллион сомдук мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Талас облустук прокутурасы тарабынан жалпы 11 миллион 366 миң 840 сомдук мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилкелер жана курулмалар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Тактап айтканда, Талас шаарындагы облустук тиш дарылоо бейтапканасына таандык болгон жер тилке, кампа курулмалары жана Манас районунун Семетей айыл өкмөтүндөгү 0,27 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.