SerepTV Logo

Таласта уулуна болушкан ата чырдан кийин каза болду. Баласын токмоктоого үч жаш жигит шектелүүдө

Таласта уулуна болушкан ата чырдан кийин каза болду. Баласын токмоктоого үч жаш жигит шектелүүдө
Талас районунда ооруканага 58 жаштагы кишинин жансыз денесин алып келишкен, кийин бул иштин алкагында 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Облустук милициянын маалыматы боюнча, 19-июнь күнү саат 05:20 чамасында Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Алар Чымгент (Чолпонбай) айылынын 1963-жылы туулган тургунунун жансыз денесин алып келишкенин билдиришкен. Ыкчам иш-чаралар көрсөткөндөй, маркумдун 1997-жылы туулган уулу айылдаштары тарабынан сабалган. Баланын бети кан болуп, ал 1996-жылы, 1999-жылы жана 2001-жылы туулган жарандар тарабынан ур-токмокко алынган. Маркум уулуна болушуп, чыр-чатакка аралашып, каза болгон. Өлүмгө эмне себеп болгону азырынча белгисиз. 19-июнда чыгарылган Кара-Буура райондор аралык соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, каза болгон жарандын денесинде зордук-зомбулуктун белгиси аныкталган эмес. Бирок маркумдун туугандары экспертизанын ишинде кемчиликтер болушу мүмкүн дешип, эксперттин бүтүмүнө ишенбестигин билдиришкен. Ур-токмокко алуу фактысы боюнча "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, жогорудагы үч жаран тергөө изоляторуна киргизилген. 58 жаштагы кишинин каза болгон фактысы боюнча тергөө иштери уланууда.
Unknown Author