Талас районунда 25 жаштагы келин 3 жашар баласы менен көлмөгө чөгүп кетти
Талас районунда 25 жаштагы келин 3 жашар баласы менен көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 14-февраль күнү саат 16:56 чамасында Арал айылында болгон. Айылдагы көлмөгө 2018-жылы туулган жаш бала чөгүп кеткен. Апасы баланы куткарам деп артынан тушкөн. Тилекке каршы экөө тең чөгүп кетишкен.
“ӨКМдин №101 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге жеткенге чейин атасы баланын жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти”,- деп айтылат маалыматта.