Атчан суу кечип... Таласта ойноп жаткан жеринен жоголгон 2 жаштагы бала табыла элек
Талас дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы баланын сөөгүн издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Бүгүн, 14-апрель күнү издөө иштери улантылып, ал жерге жалпы 19 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды", - деп айтылат маалыматта.
12-апрелде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Өзгөрүш айылынын тургуну саат 15:30 чамасында 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу баласы үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="37325,37326,37327,37328"]