SerepTV Logo

Талас дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы баланын сөөгү бүгүн да изделет

Талас дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы баланын сөөгү бүгүн да изделет
Талас дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы баланын сөөгүн издөө иштери бүгүн да улантылат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, 12-апрелде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Өзгөрүш айылынын тургуну саат 15:30 чамасында 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу баласы үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген.

"Кечээ, 13-апрель күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 41 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 40 адам тартылып, саат 20:50дө убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. 14-апрель күнү издөө иштери  улантылат", - деп айтылат маалыматта.

edita