"Талас бригадасы" уюшкан тобунун мүчөсү "Темке" кармалды
Таласта милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2024-жылдын январь айынын аягында ИИМдин Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине "Темке" аттуу киши баңгизаттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө "Темке" аттуу адам Талас облусунун 1978-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Факты боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козгоп, 1978-жылы туулган жарандын үйүн тинтүү учурунда "марихуана" баңгизаты табылган.
1978-жылы туулган жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда "Талас бригадасы" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат. Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.