"Тажияга бара жатышкан". Ошто сел унаасын агызып кетип каза болгон жаран бүгүн жерге берилет
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымында 1 жеңил унааны сел суусу агызып кетип, кесепетинен айдоочу каза болгонун билдиришкен.
"Унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 бала болгон. 2 аял менен баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен. Эркек кишинин жансыз денеси табылып, сайдан чыгарылып, туугандарына өткөрүп берилген",- дешкен.
Бүгүн, 22-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун жакыны менен байланышканыбызда, жаран бүгүн жерге берилерин айтты. "Toyota 4Runner унаасында агам жубайы менен дагы 2 башка жаран бар болчу. Ал үчөөнү Чалма айылынан табышты. Алардын абалы жакшы. Туугандардын тажиясына бара жатышкан эле. Агамдын сөөгү бүгүн, 22-апрелде жерге берилет. 53 жашта болчу", - деди ал.