SerepTV Logo

Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келаткан 52,2 миң даана тоок жумурткасы аныкталды

Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келаткан 52,2 миң даана тоок жумурткасы аныкталды
ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген жарым миллион сомдук товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылында Mersedes-Benz Спринтер үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен. Текшерүү учурунда транспорт каражатынын жүк бөлүгүнөн Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 52 миң 200 даана тоок жумурткасы табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 574 миң 200 сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди. [gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="30659,30660,30661,30662"]
Unknown Author