Тажик жарандарына таандык фураларды жандап бара жаткан милиция кызматкерлери жазаланат
Кечээ, 11-май күнү Баткен шаарындагы 3 Тажик жаранынын оор жүк ташуучу унаасын жандап келе жаткан милиция кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар фураны токтоткон тургундарга одоно мамиле жасашып, ошол жерде турган жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору коомчукка соцтармак аркылуу таркап, милиция кызматынын беделин түшүргөн терс пикирлер жазылган.
"Милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму нормага туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн, ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталды. Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында бул кызматкерлерге тартиптик чаралар колдонулат", - деп айтылат маалыматта.