SerepTV Logo

"Тайсон" каймана аттуу Талас шаарынын "смотрящийи" кармалды (видео)

"Тайсон" каймана аттуу Талас шаарынын "смотрящийи" кармалды (видео)
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. “Тайсон” каймана аттуу Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Ал Талас шаарынын кароочусу (смотрящийи) болгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ал унаа мектептин мугалими ага карата болгон компроматтык маалыматтарды ички иштер органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп коркутуп, кысым көрсөтүп, 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап талап кылынган сумманын бир бөлүгүн, 30 миң сом акча каражатын алуу учурунда кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда, тинтүү учурунда андан жалпы салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылган. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.