SerepTV Logo

Тааныш кызына iPhone алдырып, акчасын төлөбөй качкан шектүү кармалды

Тааныш кызына iPhone алдырып, акчасын төлөбөй качкан шектүү кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Жабыркаган кыздын айтымында, 2023-жылы сентябрь айында ал таанышына бөлүп төлөөгө 180 миң сомго iPhone 14ProMax алып берген. Жаран ай сайын акчасын өзү төлөрүн айткан, бирок телефонду алган соң, алдап кеткен. Кыз 6-сентябрда милицияга кайрылган. Кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынган. Кимде-ким дал ушул жарандан зыян тартса, 0 (553) 08-75-57, 0 (702) 54-66-65 ушул номурларга чалсаңар болот.