Сүлүктүдөгү шахта урап, 20 жаштагы жигит көз жумду
Кечээ, 8-июнда саат 18:00 чамасында Сүлүктү шаарында “Ас-Сүлүктү” шахтасы урады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен шахтанын 2001-жылы туулган жумушчусу каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган. Анын абалы орто. Тартылган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, шахтадан каза болгондун жансыз денесин жана жабыркаган адамды чыгарышып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен. Жерине ӨКМден 11 куткаруучу, ошондой эле ИИМден 5 кызматкер, Тез жардам кызматынан 1 бригада жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган.