Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында газ чыккан. Жабыркагандар жок
Кечээ, 10-июлда Сүлүктү шаарындагы 2 көмүр шахтасында газдан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, шахтада газ чыккандыгы тууралуу башкы инженер кабар берип, куткаруучулар 340 метр аралыгына тосмо орнотуп, газдан тазалап беришкен. Ушундай эле тазалоо иштери жана техникалык жумуштар "Ак-Тилек" шахтасында да аткарылган. Жабыркагандар жок.