SerepTV Logo

Сүлүктүдө өспүрүм үйдүн алдында токтоп турган унааны айдап качкан

Сүлүктүдө өспүрүм үйдүн алдында токтоп турган унааны айдап качкан
Сүлүктүдө унааны айдап качкан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 21-январь күнү саат 19:00 чамасында Лейлек районунун Раззаков шаарынын үйлөрүнүн биринде токтоп турган Мерседец-Бенц 210 үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар уурдап, качып кетти деген маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Баткен облусунун аймагында "Курчоо" иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Сүлүктү шаардык жол тескөөчүлөрү тарабынан, Сүлүктү шаарында Мерседец-Бенц 210 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, 2007-жылы туулган өспүрүм кармалып, Сүлүктү ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.
edita