Сузактагы ураган шахтада калып калган эки жарандын сөөгү туугандарына өткөрүп берилди
Кечээ, 15-июнда Сузак районунун Өрүктү тилкесинде жайгашкан шахта урап, ичинде 2 адамдын калып калганы маалым болгон. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жерине 6 куткаруучу, Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер тартылган. Саат 16:58де маркумдардын жансыз денесин шахтадан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти.
Каза болгон жарандар 44 жана 46 жашта болчу.