Сузактагы Кемпир-Абад суу сактагычына 17 жаштагы бала чөгүп кетти
Кечээ, 1-июнда Сузак районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 17 жаштагы бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык катталган жерге 3 офицер, 19 куткаруучу, 3 суучул тартылып, саат 17:21де маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.