SerepTV Logo

Сузактагы жол кырсыктан 1 адам каза болду

Сузактагы жол кырсыктан 1 адам каза болду
Кечээ, 23-февралда саат 16:30 чамасында Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылында 1 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1963-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1967-жылы туулган аял жабыркаган. ӨКМдин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен, ал эми каза болгон адамдын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
edita