SerepTV Logo

Сузакта унаада бара жаткан адамга ок атылып, ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Сузакта унаада бара жаткан адамга ок атылып, ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды
Сузакта унаада бара жаткан адамга ок атууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 30-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Деу-Нексия-2 үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы жаранга Хундай-Гетс үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип, бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан. Кесепетинен денесинен оор жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда опузалап талап кылуу беренеси боюнча дагы тергөө амалдары жүрүп жатат.