SerepTV Logo

Сузакта сууга түшүп кеткен бала изделип жатат

Сузакта сууга түшүп кеткен бала изделип жатат
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Канжыра дарыясына кичинекей бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Ведомстводон учурда баланын аты-жөнү такталып жаткандыгын айтышты. Жерине саат 12:45те министрликтен Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмунөн 5 кызматкер тартылган. Издөө иштери улантылууда.
Unknown Author