SerepTV Logo

Сузакта оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 15 жаштагы кызды басып калды

Сузакта оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 15 жаштагы кызды басып калды
Сузакта оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 15 жаштагы кызды басып калган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 31-октябрь күнү саат 17:40 чамасында Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында Сузак районунун 1977-жылы туулган тургуну өзүнүн КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен келе жатып, жолдун оң тарабындагы арыкка түшүп оодарылып кетип, 2006-жылы туулган кыз кишини басып калган. Кырсыктын кесепетинен кыз окуя болгон жерде каза болду. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.