SerepTV Logo

Сузакта мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды (сүрөт)

Сузакта мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды (сүрөт)
Сузакта мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, милиция июнь айынын башында район аймагында курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалыматтарды алган. Алынган маалыматтар Сузак РИИБге катталып, Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сузак райондук сотунун токтомунун негизинде 1968-жылы туулган жана 1973-жылы туулган Көк-Жаңгак шаарынын тургундарынын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында биринин үйүнөн Тоз-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 4 даана ок-дарысы, 16 калибрлүү сайсыз ок атуучу курал 13 даана ок-дарысы, 10 даана ок-дарылардын идиштери, ок-дары жасоочу аспаптары менен табылып алынган. Ал эми экинчисинин үйүнөн сайсыз 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган. Алынган курал жана ок-дарыларга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54081,54082,54083,54084"]
edita