SerepTV Logo

Сузакта куурчак ойноп жаткан кыздын көзүнө кайчы сайылып калган

Сузакта куурчак ойноп жаткан кыздын көзүнө кайчы сайылып калган
Сузакта куурчак ойноп жаткан кыздын көзүнө кайчы сайылып калган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. "28-июль күнү болжол менен саат 22:30 чамасында Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын дарыгери тарабынын Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Сузак районунун Аскар-Ата айылынын Ахматхан көчөсүнүн №242 үйүнүн тургуну 9 жаштагы кыз үйүндө куурчак ойноп, көйнөк кыркып жатып, кокусунан оӊ көзүнө колундагы кайчы менен сайып алган. Кесепетинен кыз денесинен жаракат алып, Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факты боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» деп катталып. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат",- дешти.