SerepTV Logo

Сузакта жылкы уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберген шектүүлөр кармалды

Сузакта жылкы уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберген шектүүлөр кармалды
Сузак милициясы коӊшу өлкөгө уурдалып өтүп кеткен жылкыларды кайтарып, өз ээлерине тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын 4 тургуну арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында 5-апрелден 16-майга чейинки аралыкта жылкы жана бодо малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришкен. Натыйжада арыз ээлерине 645 миң сомдук материалдык зыян келтирилген. Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш иштерине шектүү катары Сузак районунун 4 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүлөр уурдалган 2 жылкыны коӊшу Өзбекстанга өткөрүп жибергендиги аныкталып, алар кайтарылып, ээлерине өткөрүп берилди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="182790,182791,182792,182793,182794"]