SerepTV Logo

Сузакта "жылаңач сүрөттөрүңдү жарыялайм" деп, 100 миң сом талап кылган аял кармалды

Сузакта "жылаңач сүрөттөрүңдү жарыялайм" деп, 100 миң сом талап кылган аял кармалды
Сузакта сүрөттөр менен шантаж кылып акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 22-сентябрь күнү Сузак РИИБге 1972-жылы туулган Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда 21-сентябрь күнү өзүнө тааныш болгон аял "жылаңач сүрөттөрүн интернет булактарына жарыялайм" деп коркутуп 100 миң сом акча каражатын талап кылгандыгын айткан. Аталган окуя 22-сентябрь күнү Сузак РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Сузак РИИБдин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Сузак районунун 1991-жылы туулган тургуну Бишкек-Ош жолунда 1972-жылы туулган жарандан 25 миң сом алып жаткан жеринен крамалды.