SerepTV Logo

Сузакта жүгөрү терип жүргөн 13 жаштагы кыздын бутун чөп чапкыч кесип кетти

Сузакта жүгөрү терип жүргөн 13 жаштагы кыздын бутун чөп чапкыч кесип кетти
Сузакта 13 жаштагы кыздын бутун чөп чапкыч кесип кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. "23-август күнү саат 19:30 чамасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын талаасында 13 жаштагы кыз ата-энеси менен жүгөрү терип жаткан учурда, ошол жерде иштеп жаткан трактор чөп чапкычы менен байкабай калып, кыздын бутун кызыл ашыгына чейин кесип кеткен. Бул окуя «кокустук» болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Кыздын атасы эч кимге арыз доосу жоктугун бидирип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан", - дешти. "Турмуш" басылмасы кесилип калган бутту дарыгерлер кайра тиккенин жазып чыкты. Сезимталдарга сүрөттү көрүүгө болбойт.