Сузакта жолдун боюнда жеңил унаа толугу менен өрттөнүп кетти (видео)
Жалал-Абадда жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Баш айылында катталган. Жолдун боюнда Форд Фокус үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, жалын саат 12:00дө курчоого алынып, саат 12:17де толук өчүрүлдү. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. Жаракат алгандар жок.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="73714,73715"]