SerepTV Logo

Сузакта жигит мейманкана эшиктерин, айнектерин талкалап кеткен. Шектүү кармалды

Сузакта жигит мейманкана эшиктерин, айнектерин талкалап кеткен. Шектүү кармалды
Сузак милициясы изи сууй электе кылмыш ишинин бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Сузак РИИБге 30 жаштагы район тургуну кайрылып, 4-майга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун боюнда жайгашкан мейманканасына өзүн кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырган жаран келип, 5 миң сом акча талап кылып, мейманкананын бир нече эшиктерин, айнектерин талкалап, 100 миң сомдук материалдык зыян келтиргендигин билдирген. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында изи сууй электе кылмыш ишинин бети ачылган. Окуяга шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.