SerepTV Logo

Сузакта жансыз денеси табылган 9 жаштагы кыз жерге берилди (видео)

Сузакта жансыз денеси табылган 9 жаштагы кыз жерге берилди (видео)

Жалал-Абад облусунун Сузак айылында тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маркум менен коштошуу зыйнаты облустун борбордук мечитинде өттү. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан жергиликтүү тургундун айтымында, маркумга жаназа окулгандан кийин сөөгү жерге берилди.

https://static.bulbul.kg/mp4/6/81816.38ddd61f4da7bf6514443ead02059be5.720.mp4 19-ноябрда Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, Сузакта 9 жаштагы Сумая аттуу кыз 18-ноябрда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кийинчерээк милиция талаалар, сай бойлору каралып жатканын, издөө иштерине 100дөн ашуун жаран тартылганын айткан. Ал эми бүгүн анын жансыз денеси Көк-Арт суусу аккан чоң сайдын жээгинен табылганы маалым болду. Милициядан кыздын кийимдери жок абалда болгонун билдиришип, алгач факты "табылган өлүк" болуп катталганын, учурда "киши өлтүрүү" беренесине алмаштырылганы маалымдалды.