SerepTV Logo

Сузакта айдоочу жигит кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен

Сузакта айдоочу жигит кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен
Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 11-январда саат 21:10 чамасында Сузак районунда 1970-жылы туулган жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерде көз жумган. Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын 2004-жылы туулган айдоочусу кармалды.
edita