SerepTV Logo

Сузакта 18 жаштагы кызды ала качкандар аны көчөгө таштап кетишкен. Шектүүлөр аныкталды

Сузакта 18 жаштагы кызды ала качкандар аны көчөгө таштап кетишкен. Шектүүлөр аныкталды
Сузак районунда 18 жаштагы кызды ала качкандар «Турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?» деп сурашып, кыздын каршылыгынан улам көчөдө унаасынан түшүрүп, өздөрү белгисиз тарапка кетип калышкан. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан да ырасташты. Маалым болгондой, 12-апрель күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром айылында 2003-жылы туулган кызды үйүнүн алдынан чала тааныш болгон бала үч шериги менен биргеликте эркине каршы күч колдонуп, Деу Матиз үлгүсүндөгү унаага салып, никеге туруу максатында уурдап кетишкен. Алар Жалал-Абад шаарынын Дача участкасына жеткенде ала качкан бала кыздан «турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?» деп сураган. Кыз макул болбой турганын айтып, каршылык көрсөткөндүктөн унаадан түшүрүп, белгисиз тарапка изин жашырып, качып кетишкен. Бул факты боюнча топтолгон материал Сузак РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 175-беренесинин (адамды никеге туруу максатында уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. «Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде кылмышка шектелген жарандар аныкталып, аларды тергөөгө камсыздоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
edita