Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында чыккан өрт 4 сааттан кийин өчүрүлдү
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда такталган маалымат боюнча, Сузак айылында жайгашкан көмүрканадан өрт чыгып, айыл өкмөттүн имаратынын 1-кабатына өтүп кеткен. Жалын саат 09:03тө чектөөгө алынып, саат 12:06да толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу маалыматты ӨКМден билдиришти.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="77416,77417,77418,77419,77420"]