SerepTV Logo

Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы мамлекетке 20 миллион сом төлөп үй камагына чыкты

Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы мамлекетке 20 миллион сом төлөп үй камагына чыкты
Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, УКМК тарабынан мурда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныктаган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндөгү ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы 2019-жылдан бери жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берип, республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталды. УКМКнын жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында, аталган жаран 20 миллион сомун мамлекеттик бюджетке кайтарып берди, буга байланыштуу ага карата үй камагына чыгаруу түрүндө баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Азыркы учурда Сузак айыл өкмөтүнүн башчысына карата жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү жана келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.
edita