SerepTV Logo

Суусамырдагы жол кырсыгы. Каза тапкан аял Сокулуктагы маданият үйүн жетектечү

Суусамырдагы жол кырсыгы. Каза тапкан аял Сокулуктагы маданият үйүн жетектечү
Бишкек - Ош жолундагы жол кырсыгынан каза болгон аял Сокулук райондук маданият үйүнүн жетекчиси, ырчы Нурзат Ажыгожоева экени белгилүү болду. Маалыматка караганда, маркум Ажыгожоева Сокулук районундагы маданият үйүн жетектеп келген жана Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдачу. Ал Калый Молдобасанов атындагы консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүн 2017-жылы бүтүргөн. Маркумдун артында үч баласы калды. Кырсык 29-мартта Суусамыр өрөөнүндө катталып, ичинде ондон ашык жүргүнчүсү бар аскерий КамАЗ оодарылып кеткени айтылган. Буга аба ырайынын шартынан улам айдоочунун рулга ээ боло албай калганы себеп болгон. Унаанын ичиндеги Куралдуу күчтөрдүн артисттери Баткенгеконцерт койгону баратышкан.  Кырсыктан 1981-жылкы бир аял, 5 жаран ар кандай жаракаттарды алганы кабарланган. Айдоочу эч нерсе болгон эмес. Жабыркагандардын катарында ырчы Нурчолпон, кылкыякчы Залина Касымова да бар экени белгилүү болду.
Unknown Author