SerepTV Logo

Суусамырдагы 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Дагы бир адамдын көз жумганы маалым болду (сүрөт)

Суусамырдагы 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Дагы бир адамдын көз жумганы маалым болду (сүрөт)

Суусамыр өрөөнүндө катталган жол кырсыктын кесепетинен 5 киши көз жумганы маалым болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Министрликтин такталган маалыматы боюнча кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасындагы 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болгон. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Буга чейин Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Тойота Камри менен МАН оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталганы, кырсыктан 4 киши көз жумганын айтып, маалымат толукталарын билдиришкен эле.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="48568,48569,48570"]
edita