SerepTV Logo

Суусамыр суусунан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

Суусамыр суусунан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды
Чүй облусунун Жайыл районунда алдын ала маалымат боюнча, Суусамыр өрөөнүнүн Суусамыр суусуна балык уулоого чыккан 1981-жылы туулган С.М. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
22-июль күнү издөө иштерин улантууга ӨКМдин 9 куткаруучусу, анын 5и суучул, Жайыл райондук №22 ӨКБдан 5 куткаруучу 1 дрон жалпы 14 куткаруучу тартылган. Издөө ишинин натыйжасында саат 13:30 чамасында аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.