SerepTV Logo

Суусамыр өрөөнүндөгү үрөй учурган жол кырсык 9 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)

Суусамыр өрөөнүндөгү үрөй учурган жол кырсык 9 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)
Суусамыр өрөөнүндөгү жол кырсыктан 9 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында катталды. Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам каза болгон. Алардын алтоо аял кишилер, экөө эркек киши жана бирөө бала. 1 эркек киши жабыркаган. Учурда каза болгондордун жана жабыркаган жарандын аты-жөнү такталып жатат. Кырсык катталган жерге нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамга Тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="68970,68971,68972,68973"]