SerepTV Logo

"Сууга көпүрөдөн кулап кетти деп". Ысык-Көлдө малчысын өлтүрүүгө шектүү кармалды

"Сууга көпүрөдөн кулап кетти деп". Ысык-Көлдө малчысын өлтүрүүгө шектүү кармалды
Ысык-Көлдө кашардын ээси малчысын өлтүрүп, аны бөөдө кырсыктан каза болгонун көрсөтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Кечээ, 6-июль күнү саат 02:00 чамасында милицияга Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда Лесное айылынын 51 жаштагы тургуну өзүнүн 46 жаштагы айылдашынын жансыз денесин алып келип, медицина кызматкерлерине айылдашы тоо суусуна агып, каза болгондугун билдирип, белгисиз тарапка кетип калганы маалымдалган. Тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери каза болгон адамды сырттан кароо жүргүзүүдө анын башында жана колдорунда көптөгөн тытылган жаракаттар табылган. Мындай жагдайлар милиция кызматкерлеринде жарандын бөөдө кырсыктан каза болгондугу боюнча шек жараткан. Жарандын эмне себептен каза болгондугун так тастыктоо үчүн Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Андан тышкары, милиция кызматкерлери каза болгон жаранды ооруканага алып келген адамдын жашаган жерине барышкан. Бирок ал үйүндө жок болуп чыккан. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында аны Каракол шаарынан табышып, Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, каза болгон жарандын үй-бүлөсү жок болгондуктан, акыркы 5 жылдан бери Алтын-Арашан жайлоосунда жайгашкан кашарында жашап, мал багып жүргөн. 5-июль күнү кечинде кашарына келсе, малчысы жок болуп чыккан. Малчысын издеп, аны кашардан 30 метр алыстыкта жайгашкан көпүрөнүн жанынан суудан таап алган. Малчы көпүрөдөн сууга кулап кеткендигин билдирген. Жабырлануучунун абалы оор экенин көрүп, аны унаасы менен ооруканага жеткирүүгө аракет кылган. Бирок ал жолдон каза болгон. Малчысын ооруканага калтырып, мал кароосуз калгандыктан кайрадан жайлоого кеткенин билдирген. Берилген көрсөтмөнүн чын-төгүнүн аныктоо максатында милиция кызматкерлери кашарды тинтүүдөн өткөрүшөт. Анда кылдат катылган кандын издери бар сынган таяк менен малчынын төшөнчүсүн табышып, далил зат катары алышат. Лесное айылынын тургуну чындыкты жашыра албай, малчынын өлүмү боюнча күнөөсүн мойнуна алган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, пикир келишпестиктен улам кашардын ээси малчысын таяк менен бир нече жолу башка ургандыгын жана анын абалы оор болгондон улам ооруканага жеткиргендиги аныкталган. Аталган окуя боюнча Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жаранга соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.