SerepTV Logo

"Сууга бара жатканын көрүшкөн". Ысык-Көлдө жансыз денеси табылган кыздар бир тууган болушкан

"Сууга бара жатканын көрүшкөн". Ысык-Көлдө жансыз денеси табылган кыздар бир тууган болушкан

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Караколдо 5 жана 2 жаштагы кыздар ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткенин, издөө жүрүп жатканын билдирген. Бүгүн, 7-июлда саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан 2 кыздын сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жогорудагы каргашалуу кырсык тууралуу Ысык-Көл ОИИБ маалымат берди. "6-июль күнү саат 20:50 чамасында Каракол ШИИБге 34 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 5 жана 2 жаштагы кыздары үйдөн саат 15:00 чамасында чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган маалымат  катталып, издөө иштери башталган. Анда шаардын аймагында видео байкоочу камералар изилденип, дайынсыз жоголгон кыздар Каракол суусун көздөй багыт алышканы аныкталган. Ушундан улам, аталган суунун жээги боюнча издөө иштери Каракол ШИИБдин жана жергиликтүү ӨКМдүн өздүк курам тарабынан өткөрүлдү. 7-июль күнү кыздардын денелери Бөрү-Баш айылынын аймагынын Каракол суусунан табылды", - дешти.